Кыргыз-Турк Анадолу Кыздар Кесиптик Лицейи
go back

Мамлекеттик Тарых музейи

Кыргыз Мамлекеттик Тарых музейи Кыргызстандын тарыхына байланыштуу материалдар топтолгон заманбап музей (ажайыпкана). Кыргызстандын борбор шаары Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жайгашкан. Кыргыз Мамлекеттик Тарых музейи 1926-ж. Кыргызстандын Борбордук музейи катары М. В. Фрунзенин ата-энесинин мурдагы үйүндө (Бишкек, мурдагы Фрунзе шаарында) негизделген. Уюштуруучусу жана алгачкы директору - этнограф Саул Менделевич Абрамзон болгон. Анын негизинде 1936-ж. өз алдынча Мамлекеттик чөлкөм таануу музейи түзүлгөн. 1943-ж. кийинки музейдин базасында улуттук маданият музейи м-н Табият музейи (азыркы Зоология музейи) түзүлгөн. Улуттук маданият музейи 1954-жылдан "Кыргыз ССР мамлекеттик тарых музейи" деп аталган. Музей келүүчүлөрдүн назарына аска сүрөт тартылган таштар, 1-чиден 5-чи кылымына чейин даталанып казуулар учурунда көчмөнчүлөрдүн жасалгалары табылган Коло доору кылымда колдоногон күндөлүк буюмдары, Түрк таш коллекциясы, руникалык жазуу ариптери менен Талас таштары, байыркы карападан, айнектен жана металлдан жасалган жасалгалар, жана көп сандагы байыркы тыйындар болгон экспонаттарын сунуш кылат.

too
too
too
too
too
sd