Сулайман тоо мечити
Сулайман Тоо жөнүндөгү уламыштарда Сулайман пайгамбар менен Искендер Зулкарнейндин ысымдары да эскерилет. Тоонун денесинде музей бар. Музейге Ош шаарындагы тарыхый буюмдар жана отурукташкан маданиятты чагылдырган түрдүү материалдар коюлган. Тоонун башында жайгашкан тарыхый Тахт-ы Сүлейман мечити жылдын бардык мезгилинде зыяратчыларга жык толгон. Чыгыш тарабында Рабат Абдуллахан мечити (XVI кылым), түштүк-чыгышында Асаф бин Бурхия (XVIII. кылым) мүрзөсү бар. Сулайман тоосу жайгашкан Ош шаарынын тарыхы байыркы доорлордон башталат. Мурда дубал менен курчалган Ош шаары да Чыгыш менен Батышты байланыштырган Жибек Жолунун жолунда маанилүү соода борборлорунун бирине айланган. 2000-жылдын октябрь айында Ош шаарынын 3000 жылдыгына карата эл аралык деңгээлде көптөгөн иш-чаралар өткөрүлдү. Бүгүнкү күндө Ош шаары өзүнүн маданияты, тарыхы, элинин меймандостугу, тамак-аш маданиятынын байлыгы, жаратылышынын кооздугу менен ата мекендик жана чет өлкөлөрдөн көптөгөн конокторду өзүнө тартып турат. Түркиянын Стамбул, Маниса, Йозгат, Самсун жана Амасия шаарлары Оштун “бир тууган шаарларынын” катарына кирет




