кыргыз-түрк анадолу кыздар кесиптик лицейи
go back

Сары-Челек

Баарына белгилүү Сары-Челек көлү "Сары-Челек" коругунда жайгашкан. Аны менен катар коруктун аймагында дагы 6 көл бар: Кыла, Арам көл, Чөйчөк көл, Ири көл жана эки чакан көл – Бакалы менен Туюк көлдөрү. Сары-Челек көлүнө жетүү үчүн коруктун оозунан көлгө чейин узун жолду басып өтүү керек. Болжол менен анын узундугу 15-20 чакырымды түзөт. Жол бою, тоо этектеринде чытырман болуп турган бак-дарактар тоо бооруна, кырларга чейин өсүп, тоону көк майса чөп, гүлдөр каптап турат. Окумуштуулардын пикири боюнча, Сары-Челек көлү 10 миң жыл мурда жер титирөөдөн кийин пайда болгон. Анын узундугу 7,5 чакырымга, эң жазы жери 2,3 чакырымга жетип, аянты 492 гектарды түзөт. Ал эми анын орточо тереңдиги 98 метр болсо, эң терең жери – 244 метр. Мындан улам ал Ысык-Көлдөн кийин эле тереңдиги боюнча Кыргызстандагы көлдөрдүн арасында экинчи орунда турат. Сары-Челек көлү деңиз деңгээлинен 1878 метр бийиктикте жайгашкан.

too
too
too
too
too
sd