Кара-Кой
Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагында өзгөчө жаратылышка ээ Кара-Кой жайлоосу орун алган. Кара-Кой жайлоосу Алай тоолорунун оң тарабынан башталат. Чыгыш тарабы Мазар, ал эми батыш тарабы Алтын-Бешик зоолору менен курчалган. Күн чыгыш тарабындагы тоонун түбүнөн эки бөлөк булактан таза суу чыгып, Кыргыз-Ата дарыясын түзөт. Ал тоонун түбүнөн чыккан сууну Суу-Чыкты деп аташат. Суу-Чыктынын күн чыгыш тарабындагы тоонун бети калың арча токой болуп, анын жогору жагы Кум-Бел деп аталат. Аталган белде ыйык деп эсептелген Мазар үнкүрү бар. Ошол себептен жалпысынан ал жер Кызыр-Ата-Мазар жайлоосу деп аталып калган. Мазар жайлоосунан дарыяны бойлоп төмөн түшкөндөгү маңдай беттеги зоонун боорунда байыркы тарыхты каткан Кыз-Коргон аталган табигый таш коргон бар. Анын айланасы таштуу аска менен курчалып, ичинде карагай, кайың, арча өсөт. Ал коргондо чоң үнкүр жайгашкан.




