Анадолу Кыргыз-Түрк Кыздар Кесиптик Лицейи
go back

ЖЕҢИШ ЭСТЕЛИГИ

Жеңиш эстелиги Бишкектин Жеңиш аянтында жайгашкан. Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке арналган архитектуралык-скульптуралык композиция Кыргызстанда 1985-жылы орнотулган. Мемориалдын авторлору архитекторлор В.Бухаев менен В.Лызенко, скульпторлор М.Аникушкин менен Т.Садыковдор жеңиштин символун боз үйдү символдоштурган түбөлүк оттун үстүндө үч ийри жаа катары чагылдырышкан.

Анын тундуктун астында, өчпөс оттун жанында көтөргөн колдоруна табак кармап турган аял-эненин скульптурасы бар. Дагы эки композиция — согуштан кайткан жоокерлердин скульптуралык образдары, алардын тегерегине кубанган балдар; жана колдорунда демонтаждалган автоматы бар эки жоокер. Аркадагы тепкичтердин четине мрамор плиталар орнотулуп, анда согуштун жана тылдын баатырларынын ысымдары чегилген, тарыхый мааниси женунде жазуулар жазылган. Мемориал жеңиш үчүн өлкөнүн эли төлөгөн эбегейсиз баа жөнүндө ойлонууга түрткү берет.

too
too
too
too
too
sd