Анадолу Кыргыз-Түрк Кыздар Кесиптик Лицейи
go back

Имам Серахси мечити

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында жайгашкан Имам Серахси мечити Борбор Азиядагы эң чоң сыйынуучу жайлардын бири. Шаардын борборунда жайгашкан мечит 4 мунарасы менен түрк архитектуралык эстетикасын чагылдырат. Анкара Кожатепе мечитине окшош курулган мечитте ачык жерлер менен кошо 20 миң киши бир убакта намаз окуй алат. Болжол менен 35 гектар жерге курулган мечит жана анын комплекси төрт бөлүктөн турат. Мечиттен тышкары комплекстин ичинде диний кызматтар жана муфтийлердин имараттары бар.

Орто Азиядагы мечиттерден айырмаланып курулган мечит ички жана тышкы архитектурасы менен укмуштуудай көрүнүштү тартуулайт. Осмон кол өнөрчүлүгүнө ылайык жасалган жасалгалар көздүн жоосун алат.

2012-жылы курулушу башталып, 2018-жылы бүткөрүлгөн мечит ачылган күндөн бери кыргызстандык мусулмандарды кабыл алууда.

too
too
too
too
too
sd