Арстанбап - жаңгак токою
Дүйнөдөгү эң кооз жерлердин бири Арстанбап десек жаңылбайбыз. Жыш токой жамынган тоолору, шылдырап аккан мөлтүр тунук суулары, көңүл сергиткен таза, салкын абасы, буруксуган жыттуу гүлдөрү, дарылык касиетке ээ сансыз чөптөрү, айлананы көркүнө чыгара кубулжутуп сайраган түркүн куштардын үндөрү Арстанбапка ажайып көрк берет. Мына ушундай табигый кооз ажайып жай Кыргызстандын Фергана тоо кыркаларындагы Бабашата бийик тоосунун түштүк этегинен орун алган. Арстанбап - табигый мөмө-жемиш токоюнун мекени. Деңиз деңгээлинен 1500-1800 м бийиктикте. Бийиктен түрмөктөлүш түшкөн шаркыратмалар жаратылыштын ажарын ачып, көркүнө көрк кошконсуйт. Бабашата шаркыратмасы 200 м бийиктен агып түшөт. Табигый мөмө-жемиш токою 37 миң гектар жерди ээлеп, ал бул өрөөнгө көрк гана бербестен, адамга ыракат тартуулайт, анда дарылык касиетке ээ өсүмдүктөр арбын. Арстанбап дүйнөдөгү эң чоң табигый жаңгак токою. Жаңгак дарактарынын бийиктиги 20-25 мге жетет. Кош түптөнүп, төрт, алты айрык өскөндөрү да бар. Эң эле жарашыктуу, кочкул жашыл жалбырактуу дарактарынын кээсинин бутактары жыш өскөндүктөн чатырга окшоп, күн нурун өткөрбөйт. Жаңгактан жакшы самын, лак, тушь, типографиялык боёктор чыгарылат. Арстанбап жаңгактын кени болуу менен ал негизинен аралаш токой массиви болуп саналат.

